Биз менен байланышыңыз

«Манас айылы» комплексин Маданият министрлигине өткөрүүнү президент колдойт

Кыска кабар | 16 Авг 2019 | 537 | 0

Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков бүгүн Бишкек шаарындагы «Манас айылы» маданий-этнографиялык комплексинин абалы менен таанышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Комплекске барганда, Президент туура башкаруу жана каражаттарды тартууда «Манас айылы» Бишкек шаарынын маданий дөөлөтү боло алаарына ишенимин билдирди.

Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов «Манас айылын» жаңы форматта калыбына келтирүү боюнча кызматташууга жергиликтүү инвесторлор кызыгып жатканын билдирди.

Ал аталган маданий-этнографиялык комплекстин министрликтин балансына өтсө, реконструкциянын варианттары каралып чыгарын белгиледи. Президент «Манас айылын» министрликтин балансына өткөрүү идеясын колдоду.

Комплексти реконструкция кылуу учурунда, Президент мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн механизмдерин активдүү колдонууга чакырды жана ошондой эле аны реконструкция кылуу жана этно-шаарча куруу мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштады. Ал баса белгилегендей, бул жер борбор калаанын тургундары жана конокторунун, чет элдик туристтердин эс алуу жайы болушу керек.

Белгилүү болгондой, 1998-жылы комплекс Бишкек шаарынын мэриясынын балансынан «Бишкек» Эркин экономикалык аймактын башкы дирекциясынын балансына өткөрүлүп берилген. Бүгүнкү күндө «Манас айылы» комплексинин абалы начар.

Комплексти куруу иштери 1995-жылы «Манас» эпосунун 1000 жылдыгын майрамдоого карата башталган.

Copyright © 2017 Maral FM