Бүгүн сот мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин баш коргоо чарасын карайт. Баш коргоо чарасын кароо Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинде саат 10:00дө башталат. Бул тууралуу Алмазбек Атамбаев өзүнүн facebook баракчасына жазды.
УКМКнын жанында Алмазбек Атамбаевдин үй-бүлөө, балдары, тарапташтары чогулган.
Алмазбек Атамбаев 8-августта ИИМдин атайын операциясынан соң кармалып, УКМКнын тергөө абагына камакка алынган. Бишкектин Биринчи май райондук соту 9-август күнү аны “Мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаевдин иши боюнча кылмышка шектүү катары караган тергөө материалдарынын негизинде бөгөт чарасын аныктап, 26-августка чейин абакта кармоо тууралуу чечим чыгарган.
Атамбаевге учурда жалпы 14 иш боюнча айып тагылууда.