Биз менен байланышыңыз

Курсан Асанов милициянын кызыкчылыгын сатты деп айыпталып кызматынан алынды

Кыска кабар | 13 Авг 2019 | 1674 | 0

Курсан Асанов Ички иштер министринин орун басары кызматынан бошотулду. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады. Министрдин орун басары бүгүн премьер-министрдин буйругу менен бошотулган. Буга Курсан Асановдун милициянын кызыкчылыгын саткандыгы, мындан улам ага ишенимдин кеткендиги себеп болгон.

“Министрликтин ички иликтөө кызматы 7-8-августтагы окуяларда, массалык башаламандыктардын алдын алууда, коомдук коопсуздукту сактоодо, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоого багытталган иш чаралардын жүрүшүндө ички иштер министринин орун басары Курсан Асановдун ишмердүүлүгү боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлдү. Иликтөөнүн жыйынтыгы менен милициянын кызыкчылыгын саткандыгы жана ага карата ишенимдин жок болгондугу аныкталгандыгы үчүн ИИМдин орун басарлык кызматынан Курсан Асановду бошотуу тууралуу сунуш берилген”, — деп айтылат ИИМдин билдирүүсүндө.

Учурда кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы юридикалык баа берүү үчүн Башкы прокуратурага жиберилди.

Copyright © 2017 Maral FM