Биз менен байланышыңыз

Ажы зыяратчылары «Шайтанга таш ыргытуу» амалын аткарып жатышат

Кыска кабар | 13 Авг 2019 | 746 | 0

Сауд Аравиясында жүргөн зыяратчылар бүгүн Ажылыктын “Шайтанга таш ыргытуу” амалынын акыркысын аткарып жатышат.

Бул тууралуу учурда ажылыкта жүргөн муфтияттын маалымат катчысы Максат Атабаев “Маралга” билдирди.

Ушу тапта мекендештерибиздин бардыгы толугу менен Мина өрөөнүндө турушат. Ажы зыяратчылар кечээ, мурдагы күнү “Шайтанга таш ыргытуу” амалын аткарышкан.

Мындан кийин Кыргызстандан барган зыяратчылар толугу менен Мекке шаарына көчүшөт.

Максат Атабаев кошумчалагандай, зыяратчылардын бардыгынын ден соолуктары жакшы. Өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрли тарабынан бөлүнүп берилген 16 дарыгер мекендештерибиздин ден соолугуна көзөмөл жүргүзүп жатышат.

Copyright © 2017 Maral FM