Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Арапа күн. Ажылыктын негизги парздары аткарыла баштады

Кыска кабар | 10 Авг 2019 | 635 | 0

Кыргызстандык ажы зыяратчылар бүгүн, 10-августта багымдат намазынан кийин Арафат өрөөнүнө келип жайгашып бүттү.

Бул тууралуу муфтияттын маалымат катчысы Максат Атабаев “Маралга” билдирди.

“Азыр кыргызстандык Ажы зыяратчылары Арафат өрөөнүнө жайгашты. Ажылыктын туу чокусу башталды. Бүгүн кечинде Муздалифа өрөөнүнө сапар алышат. Таңга маал Мина өрөөнүнө барып, шайтанга таш атуу амалдары башталат”, — деди Максат Атабаев.

Ыйык Мекке шаарындагы кыргызстандык ажы зыяратчылар Мина өрөөнүнө кечээ көчө башташкан. Алар Сауд Араб Падышачылыгынын ажылык министрлиги тарабынан бөлүнүп берилген чатырларга жайгашкан. Ажыларды Мина өрөөнүнө көчүрүү, ал жактан тосуп алуу жана жайгаштырууну Мекке шаарындагы ажылыкты уюштуруу штабы ишке ашырды.

Copyright © 2017 Maral FM