Биз менен байланышыңыз

Оштон учкан Ажы зыяратчылар тобу Жиддага жайгашты

Кыска кабар | 26 Июл 2019 | 420 | 0

Бүгүн, 26-июлда Ош-Жидда багыты боюнча учкан кыргызстандык ажы-зыяратчылардын тобу Сауд Араб Падышачылыгынын Мекке шаарындагы Жидда аэропортуна конду. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы кабарлады.

Азыркы маалда кыргызстандыктар Мекке шаарындагы атайын ажылар үчүн дайындалган мейманканага жайгаштырылды. Ош-Жидда багыты боюнча жалпы 18 каттам болсо, эң акыркысы 1-августка белгиленген.

Ал эми Медина шаарындагы зыяратчылардын тобу күн сайын Мекке шаарына барып, өздөрүнүн ажылык амалдарын аткарышууда. 28-июлда Медина шаарындагы акыркы топ Мекке шаарына жөнөп кетмекчи.

Copyright © 2017 Maral FM