Биз менен байланышыңыз

Кечээ Оштон Москвага учпай калган каттам бүгүн таң эрте учту

Кыска кабар | 10 Сен 2019 | 368 | 0

«Ош» аэропортунда кечээ эртең мененки саат тогуздан кечке чейин Москвага уча албай калган каттам бүгүн таңга маал сапар тартты. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун маалымат катчысы Алия Курбанова «Маралга» билдирди.

Анын айтымында, кечээ учпай кармалган каттамдагы 157 жүргүнчүнүн бир канчасы учуудан баш тартышкан. Ал эми калгандары мейманканага жайгаштырылган болчу.

Эске сала кетсек, «Ош» эл аралык аэропортунда эртең менен саат 9да Ош — Москва багыты менен уча турган каттам «Уральские авиалинии» компаниясына таандык болгон. Анын кармалышына Орусиядан келе турган компаниянын учагы кечигип, 12.30да учуп келиши себеп болгонун айтылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM