Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков Эрдоган менен кыргыз-түрк кызматташтыгын талкуулады

Кыска кабар | 12 Авг 2019 | 520 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Түркиянын Президенти Режеп Тайип Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Сүйлөшүүдө өлкө башчылары эки жана көп тараптуу кызматташуунун маселелерин жана буга чейинки макулдашуулардын ишке ашыруусун талкуулашты.

Эки лидер Курман айт майрамы менен бири-бирин куттукташып, эки элге тынчтык жана бакубатчылык каалашты.

Copyright © 2017 Maral FM