Биз менен байланышыңыз

Камактагы атамбаевчилер кармоо жайынын шарттарына нааразы эмес

Кыска кабар | 12 Авг 2019 | 462 | 0

Сот тарабынан камакка алынган атамбаевчилер Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайындагы шарттарга нааразычылыгы жок. Бул тууралуу Кыйноолорду алуу боюнча улуттук борборунан  билдирди.

Аталган борбордун өкүлдөрү кечээ атамбаевчи Фарид Ниязов, Алга Кылычев, Кыяс Смаилов и Амантур Жамгырчиевдин камакта кармоо шарттарын карап чыгышкан.

Президенттик аппараттын мурдагы башчысы, Атамбаевдин кеңешчиси Фарид Ниязов жана КСДП мүчөлөрү Алга Кылычев, Кыяс Смаилов жана Амантур Жамгырчиев ушул жылдын 8-октябрына чейин камакка алынган.

Аларга Кылмыш кодексинин 244- «Адамды барымтага алуу», 264-«Массалык башалмандык уюштуруу» жана 43-«Кылмышка катышуу»беренелери боюнча айып тагылган.

8-августта Алмазбек Атамбаев өз ыктыяры менен күч органдарына колго түшүп берген. Бишкектин Биринчи май райондук соту көчмө жыйынында тергөө иш чаралары учурунда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди 26-августка чейин УКМКнын тергөө абагына камоо чечимин чыгарган.

Copyright © 2017 Maral FM