Биз менен байланышыңыз

Парламент эртең кезексиз жыйынга чогулат

Кыска кабар | 8 Авг 2019 | 670 | 0

Жогорку Кеңеш Атамбаевдин үйүндөгү окуядан улам эртең кезексиз жыйынга чогулганы жатат.

Бул тууралуу депутат Жанар Акаев өзүнүн фейсбуктагы баракчасына жазды. Депутат бийлик дагы, Атамбаев дагы тынчтыкты, жөнөкөй жарандардын коопсуздугун, элдин ынтымагын биринчи орунга коюшу керек деп эсептейт.

Мурдагы президент Атамбаевди кармоо операциясындагы шалаакылыгы үчүн, тараптардын кагылышына жол бергени үчүн эртеңден калбай күч органдарынын бардык жетекчилери кызматтан кетиши керек. Бийлик дагы, Атамбаев дагы биринчи орунга тынчтыкты, жөнөкөй жарандардын коопсуздугун, элдин ынтымагын коюшу керек, а саясий тирешүүнү эмес! Милиция да кыргыздын балдары, Атамбаевди коргогондор да биздин жарандар, мындай тирештер жакшылыкка алып келбейт экенин мен 2010-жылы апрелде Таласта өзүм күбө болгом. Кандай учур болбосун, күч колдонуу ыкмасын тандоо өтө жаңылыштык, бардык тараптар үчүн. Атамбаев дагы мыйзамга баш ийип, аялдар менен жаштарды курал катары колдонуп, керт башын сактоонун амалын ойлобой, тергөөгө өзү барууга даяр экенин азыр билдириши керек”, — деп жазат Жанар Акаев.

Copyright © 2017 Maral FM