УКМК Атамбаевди колго түшүрүүдө атайын аскерлер элге карата ок атты деген маалыматты төгүндөдү.
Бул тууралуу УКМК азыр эле билдирүү таратты. Анда атайын даярдыктагы аскерлер желим окторду колдонуп жатканы, ошол эле маалда Атамбаевдин үйү тараптан согуштук куралдан ок атылып жатканын белгиленет.
УКМКнын билдирүүсүндө чагымчыл маалыматтарды тараткандар Кыргызстандын мыйзамы менен кылмыш жоопкерчилигине тартылаары эскертилет.