Биз менен байланышыңыз

УКМК: Атайын аскерлер Атамбаевдин тарапташтарына колго түштү деген маалымат калп

Кыска кабар | 7 Авг 2019 | 1072 | 0

Улуттук коопсуздук комитети Атамбаевди кармоо операциясы боюнча жаңы билдирүү таратты.

Анда Атамбаевдин тарапташтары атайын даярдыктагы аскерлердин куралдарын тартып алып, алар колго түшүрүлдү делген маалымат чындыкка дал келбегени айтылат.

Учурда атайын операция улантылып жатат”, — деп айтылат билдирүүдө.

Акыркы маалыматтарга караганда атайын аскерлер Атамбаевдин үйүнүн экинчи кабатына кирген. Атамбаев өзү үйдүн үчүнчү кабатында коргонуп жатат.

Ал арада автоматтар менен куралданган 3 машина атайын аскерлер Кой-Ташка жөнөп жатканы тууралуу маалыматтар тарады.

Copyright © 2017 Maral FM