Биз менен байланышыңыз

Атамбаевдин тарапташтары атайын аскерлердин куралдарын тартып алганы кабарланууда

Кыска кабар | 7 Авг 2019 | 420 | 0

Атамбаевди кармоо операциясында элдик штабдын өкүлдөрү атайын даярдактагы аскерлер куралдарын тартып алганы кабарланууда. Азыркы тапта тарсылдап ок атылганы токтотулду. Элдик толкундоолор токтой элек.

Апрель телеканалы көрсөтүп жаткан түз алып берүүдө жаракат алган аскердик кийимчен адамды көпчүлүктүн арасынан алып чыгып кетип жатканын көрүүгө болот. Аны айрымдар урса, аскерге кол тийгизбе дегендер да болуп жатат.

Айтылып жаткан маалыматтарга караганда, атайын аскерлер Атамбаевдин үйүнө кирип, экинчи кабатка жеткен.

Атамбаев кармалганы же кармалбаганы тууралуу так маалымат айтыла элек.

Мурдагы президенттин үйүндө чыккан өрт өчүрүлө элек.

Атайын кызматтагы аскерлер маалымат каражаттарын, видео тарткан журналисттердин видеокамераларын алып коюшкан.

Атайын аскерлер Атамбаевдин короосуна эч кимди киргизбей, чыгарбай да коюшкан.

Атамбаевдин үйүнө баруучу жолдор буулган.

Copyright © 2017 Maral FM