Биз менен байланышыңыз

Корея ирригация боюнча Кыргызстан менен кызматташат

Кыска кабар | 4 Авг 2019 | 498 | 0

Кыргызстан Корей өлкөсү менен заманбап смарт-технологияларды колдонуу менен тазалоо курулмалары тутумун, ирригация тутумдарын өнүктүрүү чөйрөсүндө кызматташат.

Мындай талкуу Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов «К-water» корей компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуусунда айтылды.

Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Тараптар “Ысык-Көл” Эл аралык экономикалык форумунун алкагында жолугушкан.

Муну менен катар компания өлкөлөр ортосунда маалыматтык технологиялар жаатында адистерди окутуу жана заманбап маалыматтык технологияларды киргизүү мүмкүндүгү менен тажрыйба алмашууну сунуштады.

Copyright © 2017 Maral FM