Биз менен байланышыңыз

Айсулуу Тыныбекова “Poland Open 2019” мелдешинде финалга чыкты

Кыска кабар , Спорт | 4 Авг 2019 | 1439 | 0

Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова Польшада өтүп жаткан эл аралык “Poland Open 2019” мелдешинде финалга чыкты.

Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсү уюмунун unitedworldwrestling.org сайтында айтылат.

Бүгүн Тыныбекова финалдык беттеште тунистик Марва Амри менен алтын байге үчүн күрөшөт.

62 кило салмакта күч сынашып жаткан Айсулуу 1/8 финалдан күрөшүп баштап,  Швеция, Украина жана Орусиядан келген спортчу кыздарды утуп финалга чыкты.

Copyright © 2017 Maral FM