Биз менен байланышыңыз

«Kyrgyz Tourism Awards – 2019» сынагы башталды

Кыска кабар | 2 Авг 2019 | 431 | 0

Кыргызстанда «Kyrgyz Tourism Awards – 2019» сынагы башталды. Арыздар кабыл алынууда. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.

Сынактын максаты – туризмди өнүктүрүү, көрсөтүлүп жаткан кызматтын сапатын жакшыртууга түрткү берүү, туризм тармагындагы жетишкендиктерди жана тажрыйбаларды пропагандалоо.

«Сыйлыктар 17 наам боюнча берилет. Алардын ар бири боюнча сыйлыктар, диплом, Өкмөттүн Ардак Грамотасы тапшырылат», — деп айтылат маалыматта.

Наамдар:

1. Мыкты жаңычыл долбоор;

2. Окуялуу туризм боюнча мыкты долбоор;

3. Мыкты интернет долбоор;

4. Мыкты дипломатиялык өкүлчүлүк;

5. Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча мыкты долбоор;

6. Мыкты туристтик оператор;.

7. Мыкты конок үйү;

8. Мыкты мейманкана;.

9. Мыкты туристтик комплекс;

10. Мыкты окуу жайы;

11. Мыкты жай;

12. Мыкты гид;

13. Мыкты сүрөтчү;

14. Мыкты санаториялык-курорттук мекеме;

15. Мыкты боз үй шаарчасы;

16: Туризмди чагылдырган мыкты ата мекендик ММК;

17. «Жыл адамы» атайын сыйлыгы (туризмдин өнүгүшүнө өзгөчө салым кошкон жарандарга).

Арыздар 10-сентябрга чейин кабыл алынат. Сынактын жыйынтыгы Дүйнөлүк туризм күнүнө – 27-сентябрга карата белгилүү болот.

Copyright © 2017 Maral FM