Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда Курман айт майрамы 11-августка белгиленди

Кыска кабар | 2 Авг 2019 | 637 | 0

2019-жылдагы Курман айт майрамы 11-августта белгиленет. Мындай чечимди Кыргызстан мусулмандан дийин башкармалыгы – муфтият бүгүн кабыл алды.

Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди.

2-август Зул Хижжа айынын биринчи күнү болгондуктан кыргызстандыктар улуу Курман айт майрамын 11-августта белгилешет.

Ал эми 10-август арапа күнү болуп, ажылык милдеттерин өтөп жүрүшкөн мекендештерибиз бул күнү ыйык Мекке шаарындагы Арафат өрөөндө болушмакчы.

Куттуу Курман айт майрамын Алла Таалам бизге жана жалпы адамзат үчүн  куттуу, берекелүү кылып, Жаратканыбыз ушул улуу күндөрдө көптөгөн ибадаттарды кылууну насип кылып, жасаган ар бир жакшылыктарыбызды кабыл кылсын. Өлкөбүзгө тынчтык, ынтымак менен бактылуулукту жана бейпил жашоону насип кылсын!”, — деген каалоо-тилек менен коштолгон муфтияттын билдирүүсү.

Copyright © 2017 Maral FM