Биз менен байланышыңыз

УКМК: Мамкаттоо кызматынын мурдагы башчысы Шаикова суракка чакырылды

Кыска кабар | 2 Авг 2019 | 435 | 0

Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы башчысы Алина Шаикова Улуттук коопсуздук комитетине суракка чакырылды. Эгерде ал 5-августка чейин суракка келбесе ага издөө жарыяланат.

Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

УКМКнын башкы тергөө башкармалыгы жаңы паспортторду даярдоодогу сатып алууларда жасалган коррупциялык иштер боюнча Мамкаттоонун, “Инфоком” мамлекеттик ишканасынын, Финансы министрлигинин алдындагы мамлекеттик сатып алуулар Департаментинин айрым кызмат адамдарына карата козголгон кылмыш ишин тергеп жатат.

“Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы башчысы Алина Шаикова да кылмыш иштин бир фигуранты катары саналууда. УКМКнын башкы тергөө башкармалыгы тарабынан Шаиковага адвокаттары аркылуу бир нече жолу суракка чакыруу берилген.

Эгерде 5-августка чейин суракка келүүдөн, башка тергөө иштерди өткөрүүгө катышуудан баш тартса анда Алина Шаиковага карата издөө жарыяланат”, — деп айтылат УКМК тараткан билдирүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM