Биз менен байланышыңыз

«New TV» жана «NUR TV» телекомпания башчылары УКМКга чакырылды

Кыска кабар | 1 Авг 2019 | 679 | 0

Улуттук коопсуздук комитети «New TV» телерадио компаниясынын жетекчиси Нурланбек Шакиев менен «NUR TV» теле компаниясынын  башчысы Бекболот Келдибековду профилактикалык сүйлөшүүгө чакырды. Бул тууралуу маалыматты УКМКнын атайын өкүлү Рахат Сулайманов бүгүн билдирди.

Шакиевге жана Келдибековго чагымчыл видео материалдарды жайылтууга жана коомдо тирешүүгө алып келе турган иш-аракеттерге тыюу салуу боюнча расмий эскертүү жарыяланды. Аталган жетекчилер бул нерсеге түшүнүү менен карап, мындан ары мындай иш аракеттердин кайталанбастыгына милдеттенме алышты.

Эске сала кетсек, аталган маалымат булактарында мурдагы президент Курманбек Бакиевдин 70 жылдыгына арналган роликтер көрсөтүлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM