Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанга Өзбекстандын премьер-министри келди

Кыска кабар | 1 Авг 2019 | 93 | 0

Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов жумуш сапары менен Кыргызстанга келди. Мындай кабарды Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлады. Ариповду «Манас» эл аралык аэропортунан вице-премьер-министр Жеңиш Разаков тосуп алды.

Жумуш сапардын алкагында Абдулла Арипов премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугушат.

Мындан тышкары Өзбекстандын премьерин өлкө президенти Сооронбай Жээнбеков кабыл алары пландалган.

Copyright © 2017 Maral FM