Биз менен байланышыңыз

Өкмөт башчы «Centerra Gold Inc.» компаниясынын президенти менен жолугушту

Кыска кабар | 1 Авг 2019 | 454 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Centerra Gold Inc.» компаниясынын президенти — аткаруучу директору Скот Перри менен жолугушту. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Жолугушууга «Centerra Gold Inc.» компаниясынын директорлор кеңешинин бир нече мүчөсү да катышты. Анда компаниянын ишмердүүлүгү жана Кумтөр кенинин натыйжалуулугун мындан ары карай жогорулатуу максатында кызматташтыкты тереңдетүү маселелери талкууланды.

Мухаммедкалый Абылгазиев алтын-кен ишканасынын ишинин өлкө экономикасы үчүн өзгөчө маанисин белгилеп, чечим кабыл алуунун бардык процесстери Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын эске алуу менен ачык-айкын шарттарда өтүүсү керектигин баса көрсөттү.

Мындан тышкары Өкмөт башчы Трасттык рекультивация фондун Кыргыз Республикасына которуунун жана Кумтөр кенин рекультивациялоо долбоорун өз убагында жана сапаттуу даярдоонун маанилүүлүгүн белгиледи. «Centerra Gold Inc.» президенти Скот Перри бул позицияны колдоду жана бул маселе рекультивация боюнча өзүнчө сүйлөшүүлөрдүн алкагында иштелип чыгарына ишеним билдирди.

Өкмөт башчы Кумтөр кенинин натыйжалуу ишин камсыз кылуу үчүн анда экологиялык жана техникалык ченемдерди мындан ары карай кынтыксыз сактоо зарылдыгына «Centerra Gold Inc.» өкүлдөрүнүн көңүлүн бурдурду.

Скот Перринин маалымдашынча, 2019-жылдын 1-жарым жылдыгында Кумтөр ишканасында 9,2 тонна алтын (2018-жылдын ушул мезгилинде — 5,7 тонна) өндүрүлгөн. Мындан тышкары анын айтымында, 2018-2019-жылдары геологиялык чалгындоо иштеринин программасына 18 млн АКШ доллары бекитилген. Үстүбүздөгү жылдын майында «Centerra Gold Inc.» компаниясы бул максаттарга кошумча 6 млн АКШ долларын бөлгөн.

Тараптар белгилешкендей, алдын ала жыйынтыктар Кумтөр кенин иштетүү мөөнөтүн узартуу келечегине оптимисттик көз карашта кароону шарттайт, бул салыктык жана башка төлөмдөргө, миңдеген жумуш орундарын сактап калууга, ошондой эле ишкананын атамекендик экономикага оң таасир берүүсүнө өбөлгө берет.

Жолугушууда кыргыз тарап үчүн экологиялык төлөмдөрдү көбөйтүп, аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фондун түзүүнү камтыган Стратегиялык келишимдердин күчүнө кирүү маселелерин талкууланды. Буга «Centerra Gold Inc.» компаниясы жыл сайын төлөмдөрдү жасоону пландаштырууда.

Тараптар Стратегиялык келишимдердин күчүнө кирүү процесстери жакын арада аякташы керектигин белгилешти.

Copyright © 2017 Maral FM