Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков: Экологиялык таза өндүрүм менен конкуренцияга туруштук беребиз

Кыска кабар | 31 Июл 2019 | 448 | 0

«Кыргызстанда жасалган» бренд тышкы рынокто атаандаштыкка туруштук берет. Мындай пикирин президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 31-июлда, Чүй облусунун Панфилов районунун жашоочулары менен болгон жолугушуусунда билдирди.

Ал экологиясы таза, органикалык продукцияны Кытайга экспорттоону активдештирүү максатында иш–аракеттер планы бекитилгенин, анын алкагында тиешелүү иш-чаралар көрүлүп жатканын билдирди.

Мындан тышкары, 2019-2022-жылдарда Экспортту өнүктүрүү боюнча Өкмөт программа кабыл алган. Ага ылайык кайра иштетилген мөмө-жемиш продукциясынын Кытайга экспорттоонун көлөмүн көбөйтүү, кайра иштетилүүчү продукциянын өсүшүн камсыз кылуу үчүн бир нече чаралар каралган.

«Химикаты жок, экологиялык таза продукция менен глобалдык конкуренцияга туруштук беребиз. Кыргызстанда айыл чарба продукциясынын баалары коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу төмөн. Бул факторлор келечекте Кыргызстанда жасалган экопродукциянын брендин күчөтөт», — деди президент.

 

Copyright © 2017 Maral FM