Биз менен байланышыңыз

Ак-Булак дарыясына агып кеткен жоокердин сөөгү табылды

Кыска кабар | 30 Июл 2019 | 472 | 0

29-июлда Ак-Булак дарыясынын Өзбекстандын аймагындагы бөлүгүндө №2030 аскердик бөлүктө кызмат өтөп жатып, 19-июлда Ак-Булак дарыясына кулап түшкөн Б.Н.у. аттуу жоокердин сөөгү табылды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат бөлүмү билдирди.

10 күндөн ашык Өзбекстандын жана Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары менен биргеликте жүргүзүлгөн изилдөө иштеринин натыйжасында, сууга түшүп кеткен жерден 11 чакырым алыстыкта Өзбекстандын куткаруучулары тарабынан  жоокердин жансыз денеси табылган.

Кечээ, 29-июлда жоокердин денеси Кыргызстанга алынып келинген.

Учурда тийиштүү экспертизалык иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM