Биз менен байланышыңыз

Трампка АКШ-Мексика ортосуна дубал орнотууга Пентагондун фондунан каражат бөлүүгө уруксат берилди

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Июл 2019 | 578 | 0

АКШ менен Мексика чек арасына дубал орнотуу үчүн өлкө президенти Дональд Трампка Пентагондун бюджетинен 2,5 миллиард доллар пайдаланууга уруксат берилди. Мындай чечимди АКШнын Жогорку соту кабыл алды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Маалыматка ылайык, мындай чыгым мыйзамсыз болуп саналат деген төмөнкү соттун чечимин Жогорку сот жокко чыгарган. Ошондой эле Пентагондун фондунан 2,5 миллиард доллар пайдаланууга уруксат берген.

Трамптын дубал орнотуу аракетин “чек арадагы дубал америкалыктардын жаратылыштын кооздугуна суктануусуна тоскоол болот” деген бир топ жаратылышты коргоо оргундары каршылык кылып келишкен.

Ал эми мыйзамсыз миграцияны токтотуу үчүн чек арага дубал орнотуу Трамптын шайлоо алдында берген убадасы болуп саналат.

Copyright © 2017 Maral FM