Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков менен Рахмондун сүйлөшүүсү Чолпон-Атада уланды

Кыска кабар | 27 Июл 2019 | 736 | 0

Өлкө башчы Сооронбай Жээнбековдун Тажикстан Президенти Эмомали Рахмон менен сүйлөшүүлөрү Чолпон-Ата шаарында уланды.

Сооронбай Жээнбеков кыргыз жерине Эмомали Рахмондун келиши өз ара пайдалуу кызматташтыкты активдештирүүгө кошумча түрткү болорун айтты.

«Эки тараптуу кызматташтык маселелеринин бүт комплексин активдештирүү боюнча жетишилген макулдашууларга биз чын ниеттен кубанычтабыз. Биз кыргыз-тажик чек арасын делимитиациялоо процессин тездетүү боюнча бир пикирде экенибизди көрсөттүк. Чек ара боюнча ишти „жөнөкөйдөн татаалга карай“, өз ара урматтоо принциптерин карманып, бири-бирибиздин кызыкчылыктарды эске алуу менен жүргүзүүнү макулдаштык. Биз ошондой эле регионалдык жана эл аралык проблематикалар, анын ичинде Кыргызстан менен Тажикстан маанилүү роль ойногон региондогу суу-энергетикалык маселелер боюнча пикир алмаштык. Бул контекстте Кыргызстан сууну пайдалануу проблемаларына глобалдык деңгээлде дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн буруу боюнча Тажикстандын жаратман саясатын жогору баалайт жана колдойт», — деп баса белгиледи президент Сооронбай Жээнбеков.

Ал Эмомали Рахмондун колдоосу менен чек ара боюндагы аймакта тарыхый жолугушуу өткөнүн белгиледи.

«Биздин эгемендик тарыхыбызда мындай боло элек болчу. Биздин жолугушуу эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөө жана кеңейтүү боюнча мындан аркы чечкиндүү аракеттерге бекем таяныч болуп берет деп ишенем», — деди Сооронбай Жээнбеков.

Өз кезегинде Эмомали Рахмон Кыргызстанга келүүгө чакыруу үчүн ыраазылык билдирди.

«Меймандос кыргыз жергесинде жолугуп жатканыбызга мен абдан кыбанычтамын. Бул жолугушуу кыргыз-тажик күн тартибиндеги олуттуу маселелер боюнча биздин ортобуздагы конструктивдүү диалогду улантууга жакшы мүмкүнчүлүк берди. Биз Кыргызстан менен болгон тыгыз өз ара аракеттешүүнүн туруктуу өнүгүшүнө кызыкдарбыз, биздин өлкөлөр ортосундагы ынак кошуналык мамилелерди ырааттуу бекемдөөгө чоң маани беребиз. Тажикстан мындан ары карай да Кыргыз Республикасы менен саясий диалогду бекемдөөгө, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык мамилелерди тереңдетүүгө даяр экенин дагы бир жолу тастыктайт», — деп баса белгиледи Эмомали Рахмон.

Эске салсак, мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков 26-июлда Тажикстанстандын президенти Эмомали Рахмондун чакыруусу менен Тажикстандын Исфара шаарына кыска мөөнөттүү иш сапары менен барды. Мамлекет башчыларынын жолугушуусунда эки тараптуу кызматташтыктын эң олуттуу маселелери, анын ичинде кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо процесстери талкууланды.

Copyright © 2017 Maral FM