Биз менен байланышыңыз

Иран Ормуз кысыгында кармалган 9 адамды бошотту

Дүйнө , Кыска кабар | 26 Июл 2019 | 685 | 0

Иран бийлиги Ормуз кысыгында мунай ташуучу танктан колго түшкөн 12 Индия жаранынын 9ун бошотту. Бул тууралуу Индиянын жергиликтүү маалымат каражаттары жазды.

Эске салсак, 13-июлда Ирандын Революция сакчылары корпусунун аскерлери Ормуз кысыгында мунай ташыган чет өлкөлүк танкерди колго түшүргөн. Бортто 12 чет элдин жараны болгон. Кылмышка шектүүлөр миллион литр мунайды аткезчилик жол менен ташып бараткан.

Вашингтон Тегерандын аракетин «коопсуздукту бузуу» деп атап, танкерди дароо бошотууга чакырган.

Май-июнь айларында АКШ Ирандын Революция сакчылары корпусунун аскерлери Оман жана Перс булуңдарында танкерлерине чабуул коюшкан деп айыптаган. Тегеран бул дооматты четке каккан.

Copyright © 2017 Maral FM