Биз менен байланышыңыз

Айыл башчы: Президент «Ак-Сайдан тажиктерге коридор берилбейт» деди

Кыска кабар | 26 Июл 2019 | 781 | 0

Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековдун чек арада жайгашкан Баткендин Ак-Сай айылынын тургундары менен жолугуп, алардын көйгөйүн угуп, берген убадаларына эл ыраазы. Мындай пикирди аталган айылдын башчысы Эркин Жолчуев «Маралга» билдирди.

Анын айтымында эл өзгөчө чек ара маселесин чечип берүүнү жана коопсуздукту камсыздоону өтүнгөн.

«Урматтуу президентибиз келип, эл менен жолукту. Элдин көйгөйүн толук укту. Эл өзгөчө чек ара менен коопсуздук маселеси боюнча көйгөйлөрүн айтты. Президент: «Бул айтылгандардын баары чечилет», — деген убадасын берди. Өзгөчө Ак-Сай — Тамдык жолун курууда тажиктерге коридор берилет деген ушакка чекит койгон сөзү элдин маанайын көтөрдү. Сооронбай Жээнбеков тажик тарапка эч кандай коридор берилбесин баса белгиледи», — деди Эркин Жолчуев.

Copyright © 2017 Maral FM