Жалпысынан 4 өлкө менен чектешкен Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери чек ара маселесин толук чече элек. Айрыкча, Баткен облусунда жайгашкан Ворух анклавы менен чектеш аймактар эң көйгөйлүү болуп эсептелет. Жыл башынан бери эле алды ок атышууга чейин жеткен жалпы 5 жагдай катталды. Баарында тиешелүү органдар жеринен кабар алып, коңшулаш кесиптештери менен жолугушууларды өткөрөт. Бирок жыйынтык дээрлик эл күткөндөй болбойт.
Бийлик өкүлдөрүнүн кол алышуусу менен жыйынтыкталган жолугушуулардан үмүт үзгөн эл бул ирет 22-июлда Ворух айылынын кире беришине желек орнотулуусуна каршы чыгышты. Жыйынтыгында 13үнө ок, 4өөнө таш тийди. Окуя маалында 674 жаран Ак-Сай айылынан коопсуз жайларга көчүрүлдү.
Бүгүн, 25-июлда көчүрүлгөн элдин алды айылына кайра келгенин Ак-Сай айылынын башчысы Эркин Жолчуев кабарлады. Ошондой эле, ал жергиликтүү тургундар талаптар толук аткарылбаганына кабатырланып жатканын маалымдады.
— Бүгүнкү күндө жолдор ачылды, унаалар каттап жатат. «Эки президенттин жолугушуусу болот», — деп, даярдык көрүлүп, тазалоо иштери жүрүп жатат. Жалпысынан абал туруктуу. Коопсуз жайга көчүрүлгөндөр кайрадан кайтышууда. Бирок элдин маанайы бир аз чөгүңкү десек болот. Талаптар жакшы аткарылбагандыгын айтышууда.
«Баткен жүрөгүмдүн түбүндө» деген президент Сооронбай Жээнбековду коомчулук: «Ак-Сай боюнча үн катпады», — деп сындашты. Бүгүн 25-июлда президент чек арадагы, анын ичинде Баткен облусунда жайгашкан мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги коопсуздукту камсыздоо боюнча кеңешме өткөрдү.
Мамлекет башчысы чек ара коопсуздугун камсыз кылуу, кошуна өлкөлөр менен кызматташтыкты өркүндөтүү, чек ара боюндагы райондордо жашаган өлкө жарандарынын жашоосу үчүн максималдуу ыңгайлуу шарттарды түзүү мамлекеттик саясаттын эң башкы артыкчылыктарынын бири бойдон каларын өзгөчө белгиледи.
Ал эми Коопсуздук Кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев Баткендеги кыргыз-тажик чек арасы президенттин жеке көзөмөлүндө экенин белгилеп, коңшу өлкөнүн тийиштүү органдары менен биргеликте иликтөө жүргүзүлөрүн маалымдады.
— Кыргыз-тажик чек-арасындагы абал президент Сооронбай Жээнбековдун көзөмөлүндө. Учурда Кыргызстан менен Тажикстандын коргоо органдары жана чек ара кызматкерлери мындан ары да мындай окуялар кайталанбашы үчүн окуянын чоо-жайын биргелешип изилдөөгө жана күнөөлүүнү чогуу табууга макулдашышты. Бүгүн жол ачылды. Абал туруктуу. Жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштери жүрүп жатат.
Ал арада президент Сооронбай Жээнбеков 26-июлда Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун чакыруусуна ылайык Исфара шаарына кыска мөөнөттүү жумушчу визит менен барары белгилүү болду. Бул маалыматты Президенттик Аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков билдирди. Ал мамлекет башчыларынын бул сүйлөшүүлөрү пландуу экенин, эки тараптуу кызматташтыктын олуттуу маселелери, анын ичинде чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо процесстери талкууланарын айтты.
— Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков 26-июлда Тажикстан Республикасынын президенти Эмомали Рахмондун чакыруусуна ылайык, Исфара шаарына кыска мөөнөттүү жумушчу визит менен барары пландалууда. Эки президент жолугушууда эки тараптуу кызматташтыктын олуттуу маселелерин талкуулайт. Анын ичинде, албетте, чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо процесстери да каралат. Ошондой эле, чек ара боюндагы облустардын — кыргыз-тажик элинин ортосундагы ынак кошуналык мамилелерди жана достукту бекемдөөгө багытталган кызматташтыкты өнүктүрүүгө басым жасалат. Эки тарап кийинчерээк сүйлөшүүлөрдү Чолпон-Ата шаарында улантып, Исфарадагы жолугушуунун жыйынтыктары чыгарылат.
Эки өлкөнүн эгемендүүлүк алгандан берки мамлекет башчылары чек ара маселесин чечүү максатында бир нече ирет жолугушууларды өткөрүшкөн. Бирок, бир пикирге келе алышкан эмес.
Тажик тараптын эмнени каалай турганын түшүнүү татаал эмес экенин серепчилер айтат. Алардын пикирине таянсак, тажиктердин негизги максаты: Ворух менен түз байланыш түзүү. Тагыраагы, унаа жолго орток деген макам берилүүсүн каалашат. Ошол эле учурда, бул чечим Кыргызстандын эгемендүүлүгүн өчүрүү белгиси деген ойлорун да жашырышпайт.
Чек ара маселелери боюнча серепчи Саламат Аламанов жолугушуу бул жолу да кол алышуу менен бүтпөй, жыйынтыктоочу сөз менен бүтүшү керек экенин белгилейт. «Ошондой эле, чечим чыгарууда атайын адистердин пикирлери да эске алынуусу абзел», — деген пикирин кошумчалайт.
— Президенттер принципиалдуу маселелерге көңүл бурушу зарыл. Чек ара боюнча маселени чечүү жолун ошол жерде иштеп жаткандарга көрсөтүшү керек. Улам эле «жолугуп жатабыз» деп айтып жатпайбы. Жолугушканы жакшы. Бирок ал жыйынтыктуу болушу керек. Атайын иликтөөчү делегация бар эмеспи. Адегенде ошолордун пикирин топтоп, кандай жолду колдонуу керектигин аныктап, андан соң жолукса, жемиштүү болор беле деп ойлойм.
Эске салсак,22-июлда саат 17:20да Кыргызстандын жана Тажикстандын жарандарынын ортосунда жаңжал чыккан. Бул ирет чырдын чыгышына Ворух айылын жердеген элдин айылдын кире беришине желек орнотуусу себеп болгон.