Биз менен байланышыңыз

Кечээ Атамбаевди алып кеткен учак Кантка кайтып келди

Кыска кабар | 25 Июл 2019 | 848 | 0

Кечээ мурдагы президент Алмазбек Атамбаев учкан «РусДжет» авиакомпаниясынын «ВС: RRJ-95B» учагы «Внуково» аэропортунан учуп, 18:30 чамасында Кантка конду.  Бул тууралуу «Flight Radar-24.com» порталы чагылдырды.

Алмазбек Атамбаев Орусияга болгон визитинин алкагында Владимир Путин менен Кремлдеги иш бөлмөсүндө жолуккандыгын Орусиянын басылмалары жазган.

Жолугушуудан кийин Владимир Путин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Кыргызстанга учурда саясий туруктуулук керектигин, өлкө эли азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун айланасына биригүүгө милдеттүү экенин айткан.

Мындан тышкары, Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда жасай турчу иштер көп экенин, аны азыркы бийлик менен биргеликте жүзөгө ашырарын кошумчалаган.

Белгилей кетсек, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кечээ, 24-июлда Орусиянын Канттагы авиабазасы аркылуу Москва шаарына учуп кеткен. Атамбаев баштаган топ түшкөн учак Москва шаарына Бишкек убактысы боюнча кечки саат 18:30да конгонун, аларды Орусиянын Коргоо кызматы саат 18:37де тосуп алып, түз эле Кремлге баргандыгын Кундуз Жолдубаева Фейсбук баракчасы аркылуу кабарлаган.

 

Copyright © 2017 Maral FM