Биз менен байланышыңыз

Казакстан Кыргызстанды айыптап жаткан «Көмүскө импорт» аткезчилиги боюнча Бажы кызматы билдирүү жасады [толугу менен]

Кыска кабар | 25 Июл 2019 | 527 | 0

Бир катар жалпыга маалымдоо каражаттарында Казакстандын Финансы министрлигинин Мамлекеттик кирешелер комитетинин маалыматына шилтеме жасап, Кытайдан «көмүскө импорт» ташуу боюнча Казакстандын айыптоосуна Мамлекеттик бажы кызматы билдирүү жасады:

Чагылдыруу статистикасына ылайык, Кытайдын Казакстанга товарлардын экспорту жана Кытайдан Казакстандын товарлардын импорту боюнча маалыматтарда чоң айырмачылык байкалууда, бул Казакстандын өзүндө мындай көйгөй бар экендигин көрсөтөт.

2015-жылы кытай-казак товар ташуу боюнча маалыматтардын айырмачылыгы 3,3 млрд. долларды түзгөн, ал эми 2018-жылы 6 млрд долларга чейин жогорулаган, башкача айтканда, эки эсе көбөйгөн.

Ошентип, Казакстандагы жабдылган өткөрүү бекеттерине карабастан, бул көйгөй татаалдашууда.

Ушуну менен бирге, КР МККнын билдирүүсүндө кызмат адамдары тарабынан документалдык көзөмөлдөө жолу менен импорттолуучу жана экспорттолуучу товарларды эсепке алуу жана талдоо жүргүзүлүп жаткандыгын жана кызмат адамдарынын ташуучулар менен байланышы иш жүзүндө жоюлгандыгын  белгилейт. Бирок бул боюнча интернетте жарыяланып жаткан видеоматериалдарга ылайык, чындыкка дал келбейт.

Мындан тышкары, чек аранын кыргыз-казак жана чек аранын орус-казак өткөрүү бекеттеринде Казакстандын аймагы аркылуу Орусияга бараткан транзиттик жүктөрдүн бардыгы, ошондой эле, Казакстандын аймагы боюнча транзит менен Кытайдан Кыргызстанга бара жаткан жүктөр жалпы текшерип кароого дуушар болууда.

Казакстан Республикасынын МККнын жогоруда аталган аракеттери укуктук жөнгө салуунун чегинен чыгып, БДСУнун ченемдерин жана эрежелерин, ошондой эле Евразия Экономикалык Биримдиги жөнүндө келишимде бекитилген товарлардын кыймылынын негизи болуучу эркиндик принцибин бузуп жатышат. Казакстан Республикасынын МККнын мыйзамга каршы аракеттери жашыруун бажы көзөмөлү болуп саналат.

Негизги ачыктык принцибин бузуунун натыйжасында Кыргыз Республикасынан кеткен миңдеген жүк ташуучу автомобилдер дискриминацияланууда.

Кыргызстан бул көйгөйдү чечүү үчүн ырааттуу кадамдарды жасоодо. Айталы, Жогорку Евразиялык Экономикалык Кеңештин мааракелик отуруму учурунда Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан Биримдиктин тышкы чек араларында бажы көзөмөлүн ачык жана объективдүү өткөрүүгө, анын менен катар, мындай жол-жоболор бир өлкөнүн экинчи өлкөгө карата дооматтарын алып сала турган Евразия Экономикалык Биримдигине мүчө өлкөлөрдүн ичинен кызыкдар тараптардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен үчилтик бажы көзөмөлүн киргизүү сунушун берди.

Бул демилгени ишке ашыруу максатында «Евразия Экономикалык Биримдигинин бажы чек арасындагы өткөрмө бекеттеринде үч тараптуу бажы көзөмөлүн киргизүү жөнүндө» Евразия Экономикалык Комиссиясынын Кеңешинин тапшырмасынын долбоору иштелип чыккан.

Мындан тышкары, 12-июлда Бишкек шаарында болуп өткөн кыргыз-казак Өкмөттөр аралык Кеңешинин VIII отурумунун алкагында Евразия Экономикалык Комиссиясынын өкүлдөрүн тартуу менен Евразия Экономикалык Биримдигинин бажы чек араларынын бажы бекеттеринде биргелешкен көзөмөлдү жүзөгө ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын жана Казакстан Республикасынын бажы кызматтарынын кызматкерлерин тартуу боюнча сүйлөшүүлөр жетишилген.

Ошондой эле, аталган Өкмөттөр аралык Кеңештин алкагында тараптар кыргыз-казак чек арасында жана казак-орус чек арасында жүктөрдү тоскоолдуксуз өткөрүүсүн камсыз кылуу максатында бир айдын ичинде Кыргызстандан Казакстан аркылуу транзит менен ЕАЭБнын өлкөлөрүнө өтүүдө акысыз негизде навигациялык пломбаларды колдонуу боюнча пилот  өткөрүү жөнүндө сүйлөшүштү жана казак тарабынан бул милдеттенмелери кыргыз-казак Өкмөттөр аралык Кеңешинин VIII отурумунун протоколуна киргизилген.

Copyright © 2017 Maral FM