Биз менен байланышыңыз

«Оймо» фестивалы туризмди өнүктүрүп, экономикага салым кошот

Билим-маданият | 25 Июл 2019 | 867 | 0

Өлкөбүздө XIV жолу өткөрүлүп жаткан салттуу маданият жана кол өнөрчүлүк боюнча эл аралык «Оймо» фестивалы бүгүн борбор калаадагы «Ала-Тоо» аянтында башталды. Иш- чара Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин жана ага караштуу Туризм департаментинин колдоосу менен Борбордук Азия Ассоциациясынын «CACSARC-kg» Кол өнөрчүлүктү колдоо ресурстук борборунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулуп келет. Бишкек шаарында башталган бул фестиваль Чолпон-Ата шаарында  уланып, 25-июлдан 4-августка чейин өтөт. 

Салтка айланган «Оймо» эл аралык фестивалына «Кийиз дүйнө» коомдук фондунун негиздөөчүсү Дөөлөт Рысбаев 2017-жылдан бери катышып келет. Ал иш алып барган фонд 2018-жылы өткөн фестивалдын жүрүшүндө кыргыз аялзатынын улуттук баш кийими элечекти 100 аялга ороп, чеберчилик сабагын көрсөтүшкөн. Быйыл да фестивалдын уюштуруучулары тарабынан чакыруу алышкан. Бул жолу белдемчини даярдоо боюнча чеберчилик сабагын көрсөтүшөт. Ага 200 уз катышат.

— «Кийиз дүйнө» коомдук фонду «Оймо» эл аралык фестивалынын алкагында белдемчини көргөзмөгө алып чыгабыз. Бул фестиваль Орто Азиядагы кол өнөрчүлөрдүн байланышын бекемдейт. Аны менен бирге, жарманке уюштурулуп, алардын колунан жаралган буюмдарды сатыкка чыгарууга шарт түзүлөт.

«Оймо» эл аралык фестивалынын максаты: маданий мурастарды сактап калуу; салттуу билимдердин муундан муунга өтүүсүн жандандырып, кол өнөрчүлүктү өнүктүрүү; Кыргызстандын бермети – Ысык-Көлдү маданий туризмдин эл аралык аймагына айландыруу. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат катчысы Айнура Асанбаева айтып берди. Ал маалымдагандай, фестивалдын алкагында салттуу кол өнөрчүлүк технологиялары аркылуу балдар жана чоңдор үчүн чеберчилик сабактар өтүлүп, кыргыз жана чет өлкөлүк дизайнерлердин этно стилиндеги фэшн-шоусу тартууланып, анимациялык фильмдер көрсөтүлөт. Андан тышкары, кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөлөрү уюштурулуп, тегерек үстөл да орун алат. Ошондой эле, концерттик программалар да каралган.

— Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Ооганстан, Өзбекстан, Грузия, Орусия, Индия өлкөлөрүнөн келген кол өнөрчүлөрдүн башы бириктирген фестиваль «Ала-Тоо» аянтында чоң жарманке менен коштолуп, башталуу алдында турат. Программа боюнча 25-июлдан 28-июлга чейин Бишкек шаарында, 30-июлдан 4-августка чейин Чолпон-Ата шаарында өтөт.

Кыргызстан Кол өнөрчүлөр кеңешинин төрайымы Жамбы Карыбекованын пикиринде, «Оймо» эл аралык фестивалы — Орто Азиядагы ири фестивалдардын бири.  Анткени, бул иш-чаранын алкагында жыл сайын чет өлкөдөн келген кол өнөрчүлөр менен кыргызстандык уз-усталардын ортосунда тажрыйба алмашуу жүрүп турат. Ал эми аймактардагы кол өнөрчүлөрдү облустардагы атайын өкүлчүлүктөрдүн сунушу менен чакыртышат.

— Кыргызстан Кол өнөрчүлөр кеңешинин максаты: өлкөдөгү кол өнөрчүлөрдүн өз ара байланышын бекемдөө. Алардын өндүргөн товарларын сатыкка чыгарууга жардам беребиз. Фестивалдын аркасы менен туризмди, экономиканы көтөргөнгө шарт түзүлөт.

Белгилей кетсек, фестивалдын 25-июлдан 28-июлга чейин Бишкек шаарында өтүүчү бөлүгүндө Курманжан Датканын айкелинин айланасында, «Эмен багы» галереясында, Сүрөтчүлөр союзунун көргөзмө залында жана Гапар Айтиев атындагы Улуттук Көркөм өнөр музейинде иш-чараларды уюштуруу мерчемделген.

Copyright © 2017 Maral FM