Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абадда кол өнөрчүлөрдүн жана дизайнерлердин фестивалы өттү (сүрөт)

Кыска кабар | 20 Авг 2021 | 731 | 0

Бүгүн, 20-августта Жалал-Абад шаарында Кыргызстандын эгемендигинин 30 жылдыгына карата “Алтын өрөөн” республикалык кол өнөрчүлөрдүн жана дизайнерлердин фестивалы өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар министрлигинен билдиришти.

Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова, маданият, маалымат, спорт жана жаштар министринин орун басары Салтанат Аманова, президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Кыргызстандын кол өнөрчүлөр коомунун төрайымы Жамбы Карыбекова катышты.

Фестивалга республиканын ар бир облусунан, район шаарларынан келген ууз чеберлер катышып, колдорунан жасалган эмгектер көргөзмөгө коюлду.

Иш-чаранын негизги бөлүгү болгон кол өнөрчүлөрдүн жана дизайнерлердин эмгектеринин көргөзмөсү, дизайнерлердин этникалык стилдеги заманбап кийимдердин көргөзмөсү болуп, “Алтын өрөөн” фестивалына активдүү катышкандар кол өнөрчүлөр Маданият министрлигинин дипломдору менен сыйланды.

Иш-чара Т. Тыныбеков атындагы облустук филармониянын оркестринин коштоосунда концерттик программа менен коштолду.

Copyright © 2017 Maral FM