Биз менен байланышыңыз

Атамбаевдин уулу атасынын Орусияга сапары тууралуу оюн билдирди

Кыска кабар | 25 Июл 2019 | 1141 | 0

Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Сейтек Атамбаев атасынын Орусияга болгон визити боюнча оюн «Фейсбук» баракчасы аркылуу билдирди.

Анда буга чейин Кремлге кимдердин гана барбаганын айтып, дүйнө жүзүнүн экс-лидерлери Орусиялап эле жүрүшкөндүгүн жазган.

«Бүгүнкү окуяны тоодой чоң бир прецедент катары көргөн инсандарга таң калдым. Кремлге кимдер гана барган эмес, эгемендүү Кыргызстандын тарыхында канча барактар бар, алсак эле, 2005-2010-2017-жылдары Москвага каттагандар көп эле айтылып келген, эми аягы белгисиз, дагы кимдер иретте турушат, бул бизге гана тиешелүү жана ачык маалымат«, — деп билдирген ал.

Мындан сырткары, ал учурда жаралган орчундуу маселелерге көңүл буруу зарыл экенин айтып, азыр деле Кыргызстанды туура нукка салууга кеч эместигине токтолгон.

«Албетте, бул көрүнүш жакшы эмес, бизде аны оңдоп калууга чоң мүмкүнчүлүк бар эле. Ал мүмкүнчүлүк 1991-жылы эгемендүү Кыргызстанды туура нукка салалбаган чиновниктер үчүн, бүгүнкү күнгө чейин аксап келе жатабыз», — дейт ал.

 

Copyright © 2017 Maral FM