Биз менен байланышыңыз

26-июлда Кыргызстан менен Тажикстандын президенттери жолугушат

Кыска кабар | 25 Июл 2019 | 701 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков 26-июлда Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун чакыруусу боюнча Исфара шаарына кыска мөөнөттүү жумушчу визит менен барат. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков билдирди.

Ал мамлекет башчыларынын бул сүйлөшүүлөрү пландуу экенин, мындай жолугушуулар үзгүлтүксүз болуп турарын баса белгиледи.

Данияр Сыдыков билдиргендей, сүйлөшүүлөрдө эки тараптуу кызматташтыктын олуттуу маселелери, анын ичинде чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо процесстери талкууланат. Ошондой эле, чек ара боюндагы облустардын Кыргызстан жана Тажикстан элдеринин ортосундагы ынак кошуналык мамилелерди жана достукту бекемдөөгө багытталган кызматташтыгын өнүктүрүүгө басым жасалат.

Мындан тышкары, ал мамлекет башчыларынын сүйлөшүүлөрүнүн экинчи айлампасы Чолпон-Ата шаарында улантылып, Исфарадагы жолугушуунун жыйынтыктары чыгарыларын кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM