Биз менен байланышыңыз

«Чоң-Капка» пунктунан 80 тоннадан ашык бензанолду мыйзамсыз ташууга бөгөт коюлду

Кыска кабар | 25 Июл 2019 | 481 | 0

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында жайгашкан «Чоң-Капка-Автожол» көзөмөл өткөрмө бекетине жакын жердеги транспорттук көзөмөлдөө жана товарларды эсепке алуунун убактылуу пунктунан бензанолду мыйзамсыз ташып кирүүгө бөгөт койду. Бул тууралуу аталган кызматтын маалымат бөлүмү билдирди.

Атап айтканда, 81,8 тонна бензанол алып келе жаткан унаа кармалган. Импорттоочуларда товарды алып келүүгө уруксат берилчү документтери жок болгон.

Бузуу фактылары боюнча материалдар мыйзамга ылайык, андан аркы иш-чараларды көрүү үчүн Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматына өткөрүлүп берилди.

Copyright © 2017 Maral FM