Биз менен байланышыңыз

Кубатбек Боронов Солтон-Сарыга барды

Кыска кабар | 25 Июл 2019 | 670 | 0

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов иш сапары менен Солтон-Сары жайлоосуна барды. Бул тууралуу Өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгү кабарлады.

Боронов иш сапардын алкагында алтын кен чыгуучу аймакта жасалган иштер менен таанышты. Алдыда кен казуу иштерине нааразы болгон жергиликтүү эл менен жолугушары күтүлүүдө.

15-июлда 70тей адам Нарын облустук администрациясынын имаратына барып, «Кен иштеткен компания агын сууну булгап жатат, жайыттагы мал жапырт кырылууда», — деген нааразычылыктарын билдирип, кытайлык компаниянын ишин токтотууну талап кылышкан.

Вице-премьер-министрди Өкмөттүн облустагы өкүлү, райондун акими жана профилдик мекеменин өкүлдөрү коштоп жүрөт.

Copyright © 2017 Maral FM