Биз менен байланышыңыз

Кызыл-Кыяда улук сот аткаруучу пара алып жаткан учурда кармалды

Кыска кабар | 25 Июл 2019 | 437 | 0

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын улук сот аткаруучусу Ш. К. пара алып жаткан жеринен кармалды. Окуя 23-июлда болгонун Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы бүгүн кабарлады.

Маалыматка ылайык, сот аткаруучу кызмат абалынан пайдаланып, Кызыл-Кыя шаарынын тургунунун мүлкүн камактан чыгаруу үчүн андан доо арызда көрсөтүлгөн баштапкы баанын 10 пайыздык аткаруучулук жыйымын төлөөнү талап кылган жана кошумча 10 миң сом пара сураган. Бул боюнча аталган тургун финполго арызданган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Пара талап кылуу» беренеси боюнча катталган.

Финпол тарабынан ыкчам-тергөө иш чаралары жүргүзүлүп, сот аткаруучу пара алып жаткан жеринен колго түшкөн.

Шектүү баш коргоо чарасы аныкталганга чейин Бишкек шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

Тергөө уланууда.

Copyright © 2017 Maral FM