Биз менен байланышыңыз

I жарым жылдыкта салык кирешелери планга 4,5 % жетпей калды

Кыска кабар | 24 Июл 2019 | 482 | 0

Мамлекеттик бюджеттин кирешесинин жалпы көлөмү ушул жылдын январь-июнунда 71,9 млрд сомду же белгиленген пландык маанинин 97,8 %ын түздү, мында Мамлекеттик салык кызматынын салык кирешелери 36 млрд сомду түзүп, пландык көрсөткүчкө 4,5 % жетпей калды. Бул тууралуу Экономика министри Санжар Муканбетов Өкмөттүн жыйынында билдирди.

Ушул жылдын январь-майында бир жумушчунун орточо номиналдык эмгек акысы (чакан ишканаларды эсепке албаганда) 16020 сомду түздү жана 2018-жылдын январь-майына салыштырмалуу 4,0 %га жогорулады, ал эми керектөө бааларынын индексин эске алуу менен эсептелген анын реалдуу өсүшү 4,3 %ды түздү.

1-июлга карата пенсиянын орточо өлчөмү 5529 сомду түзүп, 2018-жылдын ушул мезгилине карата 3,9 %га жогорулаган.

Copyright © 2017 Maral FM