Биз менен байланышыңыз

Ишкерлерди текшерүүлөр 2018-жылга салыштырмалуу 88 %га кыскарды

Кыска кабар | 24 Июл 2019 | 485 | 0

Ишкердик субъекттерди текшерүүлөр 2018-жылга салыштырмалуу 88 %га кыскарган. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Өкмөттүн кезектеги жыйынында маалымдады.

Премьер-министр билдиргендей, ушул жылдын 5 айында тышкы соода жүгүртүүдө туруктуу тенденция катталды. Тактап айтканда, тышкы соода жүгүртүүнүн жалпы көлөмү 2 млрд 693 млн долларды түздү. 2018-жылдын 5 айында бул көрсөткүч 2716,4 млн долларды түзсө, азыр 2,6 %га аз. Экспорт өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 30 млн долларга өсүп, жалпысынан 728 млн долларга чыкты. Ал эми импорттун көлөмү 100 млн долларга азайып, 1,9 млрд доллар болду.

«Чет элдик түз инвестициялардын келиши I кварталдын жыйынтыгы боюнча 177 млн долларды түзүп, 2018-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 48,9 %га көбөйдү. Негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 49,1 млрд сомду түзүп, 5,5 %га өскөн», — деди ал.

Мухаммедкалый Абылгазиев баса белгилегендей, Өкмөттүн Бизнести өнүктүрүү боюнча стратегиясы бүгүн өзүнүн түшүмүн бере баштады.

«Ишкердик субъекттерди текшерүүгө 2 жылдык мораторий киргизилди: I жарым жылдыктын ичинде болгону 1485 текшерүү жүргүзүлгөн. Ишкердик субъекттерди текшерүүлөр 2018-жылга салыштырмалуу 88 %га кыскарган. Жаңы ачылган ишканалар 5 жылга салыктан бошотулду. Өкмөт ипотекалык насыялардын пайыздык ставкасын өткөн жылдын 1-ноябрынан тартып 7 %га түшүргөн. Азыр 6 %га чейин түшүрүү боюнча тапшырмалар берилди», — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Ал билдиргендей, жарым жылдын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик бюджеттин кирешеси 2018-жылдын ушул мезгилине карата 1,3 млрд сомго көбөйүп, 71,9 млрд сомду түздү.

Copyright © 2017 Maral FM