Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев: Экономикалык стимулдаштырууда ички ресурстарды активдүү колдоно баштадык

Кыска кабар | 24 Июл 2019 | 473 | 0

Биз экономикалык стимулдаштырууда ички ресурстарды активдүү колдоно баштадык. Мындай пикирин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Өкмөттүн кезектеги жыйынында билдирди.

 Мухаммедкалый Абылгазиев билдиргендей, ушул жылдын биринчи жарым жылдыгы коомдук-саясий окуялар жана бир катар эл аралык иш-чаралар менен эсте калды. Бул мезгилде 10дон ашык жогорку деңгээлдеги эл аралык иш-чара өткөрүлүп, алардын алкагында Орусия менен 6,2 млрд доллар, Кытай менен 7,6 млрд доллар, Корея менен 145 млн долларлык бизнес-контракттар жана келишимдер түзүлдү.

Мухаммедкалый Абылгазиев макроэкономикалык көрсөткүчтөргө токтолуп, өлкө ИДПсынын көлөмү 232,5 млрд сомду түзүп, 6,4% өскөнүн белгиледи.

«Өлкөнүн өнөр жай субъекттери тарабынан 127,5 млрд сомдук өндүрүм өндүрүлгөн. 108 ишкана ишке кирип, 25,2 миң жумушчу орундары түзүлдү. Анын ичинде 23,5 миң орун жеке ишкердикте ачылды. Өнөр жайында – 2820, тамак-аш жана кайра иштетүүдө 42 жаңы ишкана ишке кирип, 1278 жумуш орун түзүлдү», — деп билдирди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Copyright © 2017 Maral FM