Биз менен байланышыңыз

ТИМдин жаңы Виза борбору ачылды

Кыска кабар | 24 Июл 2019 | 586 | 0

Бүгүн, 24-июлда Тышкы иштер министрлигинин Тоголок Молдо көчөсү №10 дарегинде жайгашкан Виза борборунун ачылыш аземи болду. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Борбордун ачылышына Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков, «Газпром Кыргызстан» ЖЧКнын Башкы директору Болот Абилдаев, ошондой эле Кыргызстанда каттоодон өткөн дипломатиялык корпустун өкүлдөрү катышты.

Чыңгыз Айдарбеков Министрлик тарабынан өлкөбүздүн туристтик тармагын өнүктүрүүгө, чет өлкөлөрдөн туристтерди тартууга, чет элдик коноктор үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө өзгөчө көнүл буруларын белгиледи. Ошондой эле, эгерде аларда экономикасы өнүккөн жакынкы өлкөлөрдүн резидент-карталары бар болсо, жөнөкөйлөтүлгөн визалык режимди киргизүү демилгеленгенин айтты.

Министр Виза борборун түзүүгө олуттуу көмөк көрсөткөндүгү үчүн Казакстандын Ардактуу консулу Болот Абилдаевге ыраазычылык билдирди.

Өз кезегинде Болот Абилдаев жаңы Виза борборун ачуу идеясы Чыңгыз Айдарбековго таандык экендигин белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM