Биз менен байланышыңыз

Алмазбек Атамбаев: Эртең кечинде кайра келем

Кыска кабар | 24 Июл 2019 | 595 | 0

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Москвага Орусиянын Кант шаарындагы авиабазасынан учат. Бул тууралуу ал өзү билдирди.

Учак менчик же кайсыл бир өлкөнүн аскер базасына тийиштүү экенин ачыктаган жок.

Кыргызстанга эртең кечки саат 19да кайра келерин айтты.

«Бүгүн учуп кетсем, буюрса, эртең саат 19да Канттагы авиабазага келип кономун. Алдын ала план ушундай да», — деди ал.

Сапардын максаты тууралуу берилген суроого так жооп берген жок.

Эл аралык “Манас” аэропорту аркылуу учуу кооптуу деп эсептеп, ушундай кадамга барган.

Азыркы бийлик мыйзам талаасынан чыгып кетти. Ошондуктан алардан баарын күтүүгө болот. Ошондуктан биз  баарына даярбыз”, — деди Алмазбек Атамбаев.

Copyright © 2017 Maral FM