Биз менен байланышыңыз

Борис Жонсон Улуу Британиянын премьер-министри болуп шайланды

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Июл 2019 | 511 | 0

Улуу Британиянын Консервативдик партиясын жетектеген Борис Жонсон 92 153 добуш менен Британиянын премьер-министри кызматына шайланды.

Борис Жонсон буга чейин Лондондун мэри жана Тышкы иштер министри кызматтарын аркалаган.

Улуу Британиянын мыйзамына ылайык, мурдагы премьер-министр Тереза Мэй 24-июль күнү парламент мүчөлөрүнүн суроолоруна акыркы ирет жооп берет. Андан соң расмий түрдө кызматын өткөрөт. Каныша Елизавета II Мэйдин отставкасын кабыл алып, премьер-министрликти Жонсонго тапшырат.

Ошондой эле, Каржы министри Филипп Хаммонд, Юстиция министри Дэвид Гоук жана Тышкы иштер министринин орун басары Алан Данкан да кызматтан кетери күтүлүүдө.

Улуу Британиянын мурдагы өкмөт башчысы Тереза Мэй «Brexit» боюнча партиялаштарынын нааразычылыгынан соң, Консервативдик партиянын жетекчилигинен, аны менен катар премьер-министрлик кызматтан кеткен.

Copyright © 2017 Maral FM