Connect with us

Кыргызстан менен Тажикстандын президенттери жолугушат

Кыска кабар | 23 Июл 2019 | 577 | 0

Жетишилген макулдашууларга ылайык, тараптар Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун жолугушуусун уюштуруунун үстүндө иштеп жатышат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда эки тараптуу маселелер талкууланып, кыргыз-тажик чек арасы боюнча делимитация жана демаркация маселеси каралмакчы.

Эске салсак, 22-июлда саат 17.20да Кыргызстандын жана Тажикстандын жарандарынын ортосунда жаңжал чыккан. Чырдын чыгышына Ворух айылынын жашоочуларынын айылдын кире беришине желек орнотуусу себеп болгон. Ак-Сай айылынын жашоочулары желекке каршы чыгышып, натыйжада эки элдин ортосунда чатак ырбап, курал колдонууга чейин жеткен.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM