Биз менен байланышыңыз

Жеңиш Разаков Баткен облусунун аймагында коопсуздукту күчөтүүнү тапшырды

Кыска кабар | 23 Июл 2019 | 619 | 0

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Баткен облусуна барып, кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде кечээ болуп өткөн окуяга байланыштуу учурдагы кырдаал менен таанышты. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Жеңиш Разаков Кыргызстандын күч түзүмдөрүнүн жана жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү менен чукул жыйын өткөрдү.

Мындан тышкары, чатакта жабыр тартып, Баткен ооруканасында жаткан жарандардан кабар алды. Учурда алардын абалы туруктуу. Ошондой эле Баткен шаарындагы кесиптик лицейдин жана медресенин имаратында убактылуу жайгаштырылган Ак-Сай айылынын 315 тургуну менен жолугушуп, алардын жашоо-шартын көрдү. Айылдын жашоочуларына тиешелүү гуманитардык жардам жана колдоо көрсөтүлүп жатат.

Жеңиш Разаков тийиштүү мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарына Баткен облусунун аймагында жана чектеш аймактарда коопсуздукту, укук тартибин камсыздоо иштерин күчтөндүрүүнү тапшырды. Ошондой эле, жапа чеккендерди зарыл дары-дармек, азык-түлүк, керектүү буюм-тайым, кийим-кече менен камсыздоону милденттендирди.

Эске салсак, 22-июлда саат 17.20да Кыргызстандын жана Тажикстандын жарандарынын ортосунда жаңжал чыккан. Чырдын чыгышына Ворух айылынын жашоочуларынын айылдын кире беришине желек орнотуусу себеп болгон. Ак-Сай айылынын жашоочулары флагштокко каршы чыгышып, натыйжада эки элдин ортосунда чатак ырбап, курал колдонууга чейин жеткен.

Copyright © 2017 Maral FM