Биз менен байланышыңыз

Шашылыш билдирүү: Түштүк облустарда 40 градус ысык болот

Кыска кабар | 23 Июл 2019 | 530 | 0

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты. Ага ылайык ушул жылдын 26-июлдан 29-июлга чейин Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында кургак аба ырайы күтүлөт, 27-29-июль күндөрү абанын күндүзгү температурасы Чүй өрөөнүндө 37-39° чейин, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө 38-40° чейин жогорулайт.

Мындай кургак жана ченемден тышкары ысык аба ырайынын учурунда организмди күйгүзүп алуудан жана ысык өткөрүп алуудан сактануу үчүн күндүз күн ачык жерлерлерде көпкө жүрбөөгө, ошондой эле айыл чарба өсүмдүктөрүн кеңири сугаруу сунуш кылынат.

Буга байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги адам өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдардын алдын алуу максатында, кечээ, 22-июль күнү телефонограммасын чыгарып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле, уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберген.

Copyright © 2017 Maral FM