Биз менен байланышыңыз

Чек ара чатагында кыргыз тараптын көпчүлүгү октон жаракат алган

Кыска кабар | 23 Июл 2019 | 567 | 0

Кыргыз-тажик чек арасында болгон чатактан жаракат алган бир милиция кызматкери оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатат. Бүгүн ал травматология бөлүмүнө которулат. Бул тууралуу Баткен облустук Саламаттыкты сактоо тармагынын координатору Арзыбек Борубеков «Маралга» билдирди.

Анын айтымында, жаңжалда 14 адам жабыркап кайрылган. Алардын ону чек ара аскерлери менен милиция кызматкерлери. Калган төртөө Ак-Сай айылынын тургундары. Медициналык жардамга кайрылгандардын дээрик көпчүлүгү куралдан атылган октон жаракат алышкан.

Учурда дарыгерлер күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышат.

Окуяга байланыштуу Баткен облустук ооруканасынын жетекчилиги «Тез жардам» унаасын уюштуруп, жаракат алгандарга өз маалында медициналык жардамдар көрсөтүлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM