Биз менен байланышыңыз

«Ок атышуу болгон Көк-Ташка губернатор келбей койду. Эл аны күткөн»

Кыска кабар | 10 Янв 2020 | 3088 | 1

Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Акрам Мадумаров ок атышуу болгон Көк-Таш айылына келген жок. Учурда Көк-Таш айылында эл чогулуп турат. Бул тууралуу жергиликтүү кеңештин депутаты Жоробай Осмонов “Маралга” билдирди. Анын айтымында эл Өкмөттүн өкүлүн чакырып, чатакты чечүүнү талап кылмак. Ал келген жок.

Кечээ түнү менен ок атышуу болду. Эл азыр да көчөдө топтолгон бойдон жүрүшөт. Көпчүлүгү түндөн бери үйлөрүнө барыша элек. Жергиликтүү эл көйгөйдү чечүүнү талап кылуу максатында Өкмөттүн өкүлүн айылга чакырышты. Губернатор келген жок. «Ооруп жатат» дешти. Анын орун басары, райондун акими Көк-Таш айылына келишкен. Эвакуацияланган эл азырынча үйлөрүнө кайтарыла элек, — деди айылдык кеңештин депутаты.

Баткен районунун Көк-Таш айылында бүгүнкүгө караган түнү тажик тараптан ок атылган. Бул көрүнүш таңкы саат 07:20 чейин маал-маалы менен уланып турган. Укук коргоо органдары кырдаалга байланыштуу аялдарды, жаш балдарды айылдагы мектепке эвакуациялаган.

Маалыматтарга ылайык, кыргыз тарапта ок атышуудан жаракат алгандар болгон эмес.

1 пикир

1 пикир

  1. Насыйкат

    10.01.2020 19:33

    Чек арадагы абалдын курчушу зээнди кейитип,канчадан бери эки тарапты тен тынчыбаганы,бийликтегилердин шалакылыгы же биздин бийликтегилердин тажиктерге коз каранды кылган,башкача айтканда тажиктер булардын колун жакшылап майлап булганып калышканынан кабар берет.Алар биздин элге ок чыгарып жатышса,эмне учун биздин бийлик ун ката алышпай жатканы окундурот.Урматтуу,Баткендик туугандар эмне болсо да провакацияга алдыра корбогвло,карапайым Эл озубузго эле кыйын болот экен,андыктан силерге куч кубат,сабыр каалайм!!!!!!

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM