Биз менен байланышыңыз

Украина: Жогорку Радага кара терилүү депутат келет

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Июл 2019 | 503 | 0

Украинанын Жогорку Радасына талапкерлерди шайлоодо берилген добуштардын 90 пайызы саналып бүттү. Андагы жыйынтык боюнча өлкө президенти Владимир Зеленскийдин «Эл кызматчысы» партиясы алдыда келатат. Демек, Жогорку Радага алгачкы жолу кара терилүү депутат шайланат. Ал «Эл кызматчысы» партиясынын тизмесинде 10-катарда жайгашкан — Жан Беленюк.

Беленюк — 28 жашта, Киевде төрөлгөн. Саясатка аралашканга чейин грек-рим күрөшү менен машыгып, 2016-жылы Рио Олимпиадасында күмүш медалга ээ болгон. Ал шайлоодон кийин да спортту таштабай турганын жана 2020-жылы Токиодо өтө турган Олимпиада оюндарына катышуу ниети бар экенин билдирген.

Кошумчалай кетсек, Украинадагы парламенттик шайлоо 21-июлда өттү.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM