Биз менен байланышыңыз

Чек ара: Эки өлкөнүн облус башчылары жолукту

Кыска кабар | 23 Июл 2019 | 527 | 0

Кыргыз-тажик чек арасында чырга байланыштуу Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров менен Тажикстандын Согди облусунун башчысы Раджоббой Ахмодзода жолукту.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдиргендей, Ак-Сай айылынын Дача участкасындагы жолугушууда чек арада чыккан чыр-чатакты жөнгө салуу, пикир келишпестиктин себебин аныктоо жана элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, эки элди ынтымакка чакыруу боюнча макулдашышкан.

Кечээ кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, ок атылган.  Кыргызстандын Чек ара кызматы берген маалыматка ылайык, 5 киши жараат алган. Ал эми Баткен облустук ооруканасынын дарыгерлери 8 адам ооруканага түшкөнүн, арасында бир милиция кызматкеринин абалы оор экенин айтышууда.

Расмий маалымат боюнча 22-июль күнү саат кечки 17:20 чамасында Ворух анклавынын кире беришинде Тажикстандын желегин орнотуу учурунда эки тарап чырдаша кеткен. Ворухка чектеш Кыргызстандын Ак-Сай айылынын эли желектин орнотулушуна каршы болушкан.

Өз кезегинде кыргыз тарап чек арага Ак-Сай айылы деген жазууну орнотушканда, тажик тарап аны сындырып салышкан.

Бул чатакта атышуу да орун алган.

Copyright © 2017 Maral FM